• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

31 Теке 202011:46 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Талас облусунда – 1
• Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 100