• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы 6 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды

29 Чын куран 202010:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 6 бейтап медицина кызматкери экенин бүгүн, 29-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 191 адамга жетти.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

— Ош облусунда – 1;

— Нарын облусунда — 3;

— Бишкек шаарында – 2.

Количество просмотров: 105