• Жекшемби 28 Жетинин айы 2021

Дагы 69 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

23 ноября 2021 в 9:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-ноябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Анын ичинде Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 633 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 953 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 599 киши айыгып чыкса, 2 миң 729 адам каза болду.

Количество просмотров: 60