• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Дагы канча кыз өлөт? Зөөкүрлөрдү эмне кылуу керек?

7 Аяк оона 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып, анан өлтүрүлүшү коомчулукта катуу талкуу жаратты. Мындан улам зөөкүрлөрдү өлүм жазасына тартуу сунушу айтылууда. Эл өкүлдөрү бул пикирге кандай көз карашта экенин билип көрөлү.


Депутат Адахан Мадумаров мындай зөөкүрлүккө барган жарандар «эч качан адам болбойт»,- деген пикирде.


Мындай пикирди колдобогон эл экүлдөрү бар. Айрымдарынын айтымында өлүм жазасын киргизүү менен кылмыштуулук азайбаган өлкөлөр бар.


Айрым эл өкүлдөрү коомдо тартип катуу сакталып, коопсуз шаардын талаптары так аткарылса кылмыштуулуктун саны азаймак.


Ал эми коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган активдүү жарандар дагы түрдүү пикирлерин билдирүүдө.

Коомдук ишмер Айжан Акылбекова өзүнүн фейсбук баракчасына
«Өз кыздарын, уулдарын,көздүн карегиндей сактаган эл бололу!
Кедей мамлекет болгон уят эмес!
Зордук-зомбулук ачык жасалган мамлекет болгон шермендечилик!
Наристелерди, өспүрүмдөрдү,аялдарды кордогон зөөкүрлөр, эл менен эл болуп жашоого татыктуу эмес!
Массалык түрдө,эл агартуу иштерин жүргүзүүнү, (айылдардын барын кыдыртып; мугалим, психолог, молдолор, күч органдары ж.б чогуу) жана жазаны күчөтүүнү, мамлекеттик денгээлде ишке ашырууларын талап кылабыз!»,-деп жазган.

Ал эми Тынчтыкбек Алтымышев
«ПЕДОФИЛИЯ-коомдук оору!
Мамлекетте мыйзам иштеп, коррупция токтоп, экономика өсүп, социалдык теңчилик камсыздалып, мамлекеттик идеология иштеп, калк иш менен камсыз болуп, массалык миграция токтоп, эл менен өкмөт бири бирине ишеним артып, журт камыр-жумур болбоюн кылмышкерлердин башын кессең да, чатын кессең да токтобойт бул илдет»,-деген пикирин билдирди.


Журналист Канышай Мамыркулова коомчулукка
«Кыргызда КЫЗДЫН аты улук…
Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн…
Кыз сыйлабас макулук…»,-деп видеокайрылуу жасады.


Мындай маселени президент дагы көз жаздымда калтырган жок. Окшош кылмыштар кайталанган сайын ажо өз көзөмөлүнө алганы менен, жыйынтык болбой жатканы коомчулуктун сынына кабылууда.

Количество просмотров: 110