Өлкөнүн мектептеринде күзгү каникул 31-октябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
«2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин жети календардык күндү түзөт. Бирок «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» жарлык боюнча, 7-8-ноябрь майрам күндөрү болуп эсептелет. Ошол себептен мектептерде окуу 9-ноябрда башталат»,- деп билдирет мекемеден.
Министрликтин маалыматы боюнча, ошентип окуучулар бир жумадан тышкары майрамга байланыштуу дагы эки күн эс алышмакчы.