• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алтынбек Сулайманов Текебаевке карызын качан берет?

23 Бештин айы 2018 16:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV


“Ата-Мекен” партиясынын камактага депутаты Өмүрбек Текебаев 60 жашка толуп, аны бир катар кесиптештери юбилейи менен куттукташты.


Алардын арасында депутат Алтынбек Сулайманов дагы болду. Ал Өмүрбек Текебаевге куттук сөзүн айтуу менен бирге, саясаттагы айрым ага каршы кадам жасагандарына өкүнүп, Текебаевдин алдында карыздар экенин айтты.


“Өмүрбек Чиркешовичтин бир сапатын айтсам, 2010-жылы депутат болуп келип, аны спикерликке сунуштап калдык. Ошол спикерликке аны биз өткөрбөй койгонбуз. Ага каршы добуш бергендердин бири менмин. Андан кийин мен Өмүрбек Чиркешовичтин алдына барып, саясатта кетирген чоң катамдын бири ушу болду. Эгерде сизди спикер кылганда мамлекеттин багыты башка жака бурулмак. Убакыт келгенде мен сиздин карызынызды сөзсүз кайтарам”,-деди Сулайманов.

Количество просмотров: 27