• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Дагы кандай кылып кечирим сураш керек?». Төрага Байсаловго болушту

13 Аяк оона 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-сентябрда ЖКнын жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурап, эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканын билдирген.

Байсаловдун сөзүнөн соң бир нече депутат анын дарегине терс пикирлерин айтып, «кечирим сурап койсо эле маселе бүтүп калабы» деп нааразы болушту.

Сын айткан депутаттарга ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип, Байсаловдун маселеси боюнча президент, өкмөт башчы, парламенттеги фракция лидерлери, вице-спикерлер чогулуп, талкуулашканын айтты. Төрага президент Жапаров Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурашын талап кылып, акыркы жолу эскертүү бергенин кошумчалады.

«Маселени курчутпасак, Эдил Жолдубаевич келди, кечирим сурады. Борбордук трибунадан, расмий түрдө кечирим сурап жатат. Дагы кандай кылып кечирим сураш керек? Эл угуп жатат, эл өкүлдөрүнүн алдында кечирим сурап жатат, жетиштүү болот го дейм, кечиримдүү бололу», — деди төрага.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Количество просмотров: 979