• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Дагы бир милиция атынып өлдү

2 Бештин айы 201714:32 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 26 жаштагы милиционер иш учурунда өзүн өзү атып өлтүргөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 1-декабрда 19:00 чамасында ИИМдин кампасында нөөмөттө турган кичи сержант Эрлан Солпуевдин сөөгү табылган.

Алдын ала иликтөө иштеринде кампа кайтарган  милиционер Калашников автоматы менен өзүн башка атканы аныкталган. Учурда ИИМ бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. 26 жаштагы кичи сержанттын өз жанын кыюуга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 45