• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм компьютердик клубдан табылган

25 Бугу 202314:34 Бишкек Govori.TV

Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас — 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 96