• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Дайыр Орунбеков: Президенттин атын пайдалангандарга катуу чара көрүлөт

19 Бирдин айы 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков президенттин атын пайдалангандарга катуу чара көрүлө турганын эскертти.

«Президент Садыр Жапаров кызматына киришкен күндөн тартып, мыйзам баарына бирдей болоорун так кесе айткан жана ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кынтыксыз аткарылып келүүдө. Жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында мамлекет башчынын жана анын жакындарынын атын пайдаланууга мыйзам жол бербейт жана мындай ар кимди опузалоо фактыларына катуу чаралар көрүлөрүн эскертебиз. Ошондой эле, Жогорку кызматтагы адамдардын атынан кимдир бирөөлөргө басым-кысым жасалган фактылар болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 16-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди коркутуу менен алардан акчалай пара талап кылуу фактысы боюнча Т.Тайлаков аттуу прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалган.

Количество просмотров: 165