Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Бишкектин Свердлов райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карайт.
Ал 16-майда Аскердик прокуратурага “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күбө катары сурак берип чыккан.
Свердлов райондук сотунда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранган.
8-майда Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Интернетте “Мусакеевдин байлыгы” деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген. Мусакеев бул маалыматты четке кагууда.