Сот жообуна тартылган Даниел Ажиевдин апасы “Лексус” үлгүсүндөгү унаасы менен жаңы курулган «Ынтымак Ордонун» дарбазасын сүздү. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.
Ак үйдүн дарбазасын сүзгөн аял кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Материалдык чыгым жок болгондуктан, ага майда бейбаштык боюнча чаралар көрүлөт.
Даниел Ажиев Кылмыш-жаза кодексинин «Порнографиялык мүнөздөгү объекттерди таратуу», «Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү» жана «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча 9 жылга соттолгон.