Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул жылдын 11-октябрынан тарта камсыздандыруу полисин талап кылууну жокко чыгарды. Машиналарды кайра каттоодо эми анын кереги жок.
Машиналарды кайра каттоо үчүн төмөнкү эле документтерди көрсөтүү зарыл: аты-жөнүн күбөлөндүргөн документ, машинанын катталгандыгы тууралуу документ, ошол жыл үчүн салык төлөнгөндүгү боюнча квитанция. Бул документтердин бардыгын “Түндүк” тиркемеси аркылуу көрсөтсө болот.
Ал эми жубайлардын чогуу менчигинде болгон транспорт каражатын кайра каттоодо экинчи тарабынын да макулдугу талап кылынат.
Бул маселе мурда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутаттар жогорудагы камсыздандыруу талабын кимдир бирөөлөрдүн бизнеси деп эсептешет. Ошон үчун бул талап жокко чыгарылды.
Буга тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да кол койгон.