• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азат Осмоналиев: «Машина сатып жатканда камсыздандыруу жок болсо, анда беш күн үчүн 200, 300 сомдой төлөп сата берсе болот»

3 Тогуздун айы 202414:50 Бишкек Govori.TV

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев машина сатып жаткандар да, сатып алып жаткандар да жаңы эрежелер боюнча камсыздандыруулары керектигин билдирди.

«Бул мыйзам, баарыбыз аткарышыбыз керек. Бирок мыйзам аткарылбай келе жатат. Жыл сайын элдин жашоо турмушу кыйындап жатат, инфляция болууда. Ошол себептен ОСАГО мыйзамын өкмөт улам узартып отуруп ушу күнгө чейин келди. Бирок минтип кете берсек, биз туура эмес нукка түшүп кетебиз», -деди А. Осмоналиев.

Социалдык тармактарда машинаны сатып жаткан адам эмнеге аны камсыздандыруусу керектиги боюнча талаш-тартыштар жүрүүдө. Буга «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун төлөмдөр башкармалыгынын башчысы мындай жооп берди.

«Машина ээлери машиналарын камсыздандырышы керек. Ал эми камсыздандырып ОСАГО полисин албагандарга үч миң сом айып пул каралган. Айып пулдар бүгүнкү күнгө чейин салынбай келген. Машинаны сатууга келгенде мамлекет бул жагынан да элге эркиндик берип, оңой болсун деген максатты көздөп, эгерде сизде камсыздандыруу полиси жок болсо, ошол жерден эле бир жылдык эмес, мыйзамга ылайык беш күнгө эле полисти тариздеп 200, 300 сомдой төлөп, машинаны экинчи кишиге сатса болот. Ал эми экинчи киши болсо бир жылга төлөп өз жоопкерчилигине алып кете берет», — деди.

Количество просмотров: 375