“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бир тууган агасынын баласы Данияр Бөлтүрүков алтын куймалары менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-январда маалымат жыйында сүрөт мындан тогуз жыл мурда тартылганын айтып, анын азыр тарап жатканын каралоо деп атады.
Ал тоо-кен тармагында билим алганын, алгач «Макмалда», андан кийин 2010-жылы «Кумтөргө» жумушка кирип беш жыл иштегенин билдирди. Сүрөттү ошол убакта кенге журналисттер экскурсияга келген маалда «алтын бөлмөсүндө» Павел аттуу кабарчы тартып алганын айтты. Бөлтүрүков аны «Инстаграмга» катталганда сакталып турсун деген ойдо жайгаштырып койгонун билдирди. Ошондой эле ал тайкелеринин үйүндө чоңойгонун, атасынын иниси менен учурда жакын мамиледе эмес экенин кошумчалады.
Ал Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк менен аталаш тууган экенин тастыктады.
«Теңгиз абам тууралуу айтсам… Жаңы ишке келгенде активисттер менен бирге кирип, жолукканбыз. «Элге өтөбү?» (Кумтөр тууралуу) деп сурадык. Буюрса өтөт деген. Чынында иш жеңил болгон жок», — деди Д.Бөлтүрүков.
Ал учурда Кумтөргө тиешеси жок экенин, элге кызмат кылуучу пландары бар экенин белгиледи. Ошондой эле анын сүрөтүн алтын уурдап жатат деген жалаа менен тараткан тараптардын үстүнөн сотко кайрыла турганын кошумчалады.
«Сотко берем, мунун баары тарых үчүн. Бүгүн мени, эртең дагы башка бирөөнү каралашат. Алтынды уурдаган чоңдорду, министрлерди эмне үчүн айтышпайт?», — деди Д.Бөлтүрүков.