Ош шаарындагы «Мир и Нур» дарыканасы психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дарыларды өспүрүмгө мыйзамсыз саткан. Аны мыйзамсыз сатып алып, пайдаланган 15 жашар өспүрүм кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасагандыгы дагы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ооруканасына 17-декабрь күнү 2008-жылы туулган кыз оор абалда жеткирилген. Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, кыздын Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан “Мир и Нур” дарыканадан 4 даана психотроптук дарыларды рецепти жок сатып алып пайдаланганы аныкталган.
«Аталган дарыкана рецеби жок өспүрүмдөргө психотроптук дарыларды сатып жаткандыгы аныкталган. Жаш өспүрүмгө 2 түрдөгү 3 даана дарыны 900 сомго саткандыгы аныкталган. Дарыканадагы мыйзамсыз аракеттер фото-видео жана алармандын көрсөтмөсү менен тастыкталган»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү кызматы тарабынан тиешелүү материалдар чогултулуп, Ош шаарындагы “Мир и Нур” дарыканасынын кызматкерлеоине тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлду.