• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Дарыяга агып кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

13 Теке 202216:32 Бишкек Govori.TV

Кадамжайдагы Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, саат 15:00 чамасында изделип жаткан 10 жаштагы Т.А. аттуу баланын жансыз денеси табылды.

Эске салсак, 12-июль күнү Майдан айыл аймагына караштуу Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу бала Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу тартылган. Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, бүгүн уланган.

Количество просмотров: 226