Депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардан кол топтоп жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев телеграм каналында билдирген.
Бекешев Нарматованын кайрылуусунда «президент “Клооп”, “Азаттык”, “Кактусту” жабышы керек» деп жазылганын айткан.
Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деген пикирин «Клоопко» билдирген
.
Бул тууралуу Дастан Бекешов «Govori.TV»га Нарматованын кол топтоосу тууралуу далил боло турган маалыматы бар экенин билдирди.