• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Дастан” менен “Евразия сактык банкы” кайра Мүлк фондуна өткөрүлөт

13 Аяк оона 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бир жыл мурун өзүнө алган “Дастан” ишканасын жана “Евразия сактык банкы” мамлекеттик банкын кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп берет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарып жаткан Нурия Кутнаева Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Депутат Дастан Бекешев аталган министрликке мурда өткөрүлгөн мүлктөрдү мурдагы министр Талант Иманов “баарын өзү көзөмөлдөө үчүн алганын алганын” айтып, алардын тагдыры тууралуу сурады.

“Мен “Мега” компаниясы менен “Кыргызтелеком” ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында калышы керек деп эсептейм. Бул процессти дагы да тездетүү үчүн зарыл. Калган мүлктөр, “Дастан” ишканасы жана “Евразия сактык банкы” жөнүндө айтсам, мага аны кайра өткөрүп берүү боюнча тапшырма берилди. Бул боюнча өлкөнүн жетекчилиги менен макулдашылды, аларды Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп беребиз. Себеби алар санариптештирүүгө эч кандай тиешеси жок. Биз мындан ары жалаң санариптештирүүнүн үстүндө иштей баштайбыз, башка долбоорлор болбошу керек”, – деди Нурия Кутнаева.

Количество просмотров: 61