• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Дастан Садыр уулунун кырсыкка учурагандагы видеосу

26 Баш оона 201920:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болду. Интернетке ал кабылган кырсыктын видеосу жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында болгон.

“Дастан Садыр уулу жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Ал мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. эки чийиндүү жерден “разворот” жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат. 
С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө. 
Бул саясий заказ эмесби деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу Бишкектеги № 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жаткан”,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 56