• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Дастанбек Жумабеков Азербайжандын президенти менен жолугушту

18 Бештин айы 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Дастанбек Жумабеков президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан элине жолдогон саламын айтып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын 9-пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектеш экенин билдирди.

Өз кезегинде Ильхам Алиев боордош Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду.

«Биз түпкү тарыхы жана маданияты бир элбиз. Андыктан түрк тилдүү өлкөлөрдүн кеңеши жана ТүркПА алкагындагы кызматташууга чоң маани беришибиз керек» — деди ал.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда Баку—Бишкек түз аба каттамдарын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын жардамы менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын түптөө сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу дагы пикир алмашуу болду.

Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Бакуда 17-19-декабрда өтүүчү ТүркПАнын жыйынына катышып жатат. Делегациянын курамына Салайдин Айдаров, Таабалды Тиллаев, Руслан Чойбеков, Ильхам Маннанов, Эрмамат Тагаев, Тынчтык Шайназаров менен Садык Шер-Нияз кирген.

Количество просмотров: 45