• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Дасторкон 2019: жаңы жылдык салаттар

28 Бештин айы 2018 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.12.2018.Govori.TV

 Саналуу күндөн кийин жаңы 2019-жыл кирип келет. Майрамдык дасторкон даярдоо үй кожейкелеринин баш оорусу. “Говори.ТВ” кожойкелерге жардам иретинде жаңы жылдык дасторконго коюлуучу салаттардын бир нече түрүн сунуштайт. Сунушталган салаттарды жасап, жаңы жылды жакшы маанайда тосуңуз! 

“ЖАҢЫ ЖЫЛ” салаты

Керектелүүчү азыктар:

  • Үндүктүн же тооктун сулп эти – 300г.
  • Жумуртка – 5 даана
  • Кургатылган өрүк –150 г.
  • Жаңгак – 100г.
  • Быштак – 100г.
  • Майонез,туз, өсүмдүк майы.

Тооктун этин бышкыча кайнатабыз. Бышкан этти майдалап кесебиз. Андан кийин кургатылган өрүктү майдалап алабыз. Жаңгакты дагы майдалап жанчыйбыз. Жумуртканын агын бөлөк, сарысын бөлөк кылып майда кыргычтан өткөрүп алабыз. Быштакты дагы майда кыргычтан өткөрүп аласыз. Эттин  үстүнө жумуртканын сарысын себелеп, жука кылып майонез сүйкөңүз. Салат сала турган идишке даяр болгон азыктардын барын катарынан тизип, биринин үстүнө бирин саласыз да, ортолорун мурч, туз, майонез менен сүйкөп турасыз. Өзүңүз каалагандай катар жасап алсаңыз болот. Эң акыркы болуп салаттын үстүн жумуртканын агы менен катмарлайсыз.  Саатын жебесин сууга бышкан сабиз талчалары менен же анардын дандары жана башка жер-жемиштер менен жасап чыксаңыз,сиз каалаган “Жаңы жыл” салаты даяр болот.

«Жаңы жыл» салаты

“УЯЧА” салаты

Курамы:

  • Тооктун филеси – 500г.
  • Жумуртка – 5 даана
  • Картошка – 500г.
  • Пияз – 100г.
  • Туздалган бадыраң –250г.
  • Укроп, петрушка
  • Бөдөнөнүн жумурткасы – 3 даана
  • Туз, майонез,өсүмдүк майы керектелет.

Этти ичке,узун кылып туурайбыз. Пиязды майдалап туурап 10 мүнөт кайнак сууга чылап, суусун төгүп кайра муздак суу менен жууп ачуусун кетирип алабыз. Картошканы ичке соломка кылып туурап, кууруп алабыз.

Туздалган бадыраң дагы узун, ичке кесилет. Жумуртканы агынан ажыратып, сарысын кыргычтан өткөрүп алабыз. Көк чөптөр дагы майда тууралат. Картошканы, (кооздогонго куурулган картошкадан алып коебуз) тооктун этин, жумуртканы, пиязды барын аралаштырып туз, майонез кошуп идишке чогуу салып алабыз.

Даяр болгон салаттын ортосуна майда тууралган көк чөптөрдү коебуз, айланасына куурулган картошканы салып төшөп чыгабыз. Ал эми ортосуна бөдөнөнүн бышкан жумуркасын коюп коебуз. Сиз күткөн “Уяча” салаты даяр болду.

«Уяча» салаты

“РОМАНТИКА” салаты

 Курамы:

  • Ветчина колбасасы – 200г.
  • Помидор – 2 даана
  • Бадыраң – 200г.
  • Редиска — 8 баш
  • Пияз – 1 баш
  • Көк чөп – 1 боо 

Кошулмасына:

  • Өсүмдүк майы – 4 чоң кашык
  • Уксус – 1 чоң кашык 65%
  • Сарымсак – 1-2 тиш
  • Туз, мурч

 Ветчинаны бадыраңды узун кылып кесесиз. Помидорду майда кылып кесесиз. Редисканы жука туураңыз. Пиязды майда туурап, кайнак сууга алып, 10 мүнөт коюп коюңуз. Кийин суусун төгүп, муздак сууга чайкап алыңыз. Көк чөптү майда туурайсыз. 

Кошулма үчүн: майды, уксусту, сарымсак эзгичтен чыгарылган сарымсакты  аралаштырып, туздап, мурчтап коюңуз. Ветчинаны, памидорду бадыраңды, редисканы, пиязды, көк чөптү кошулманы кошуп жакшылап аралаштырып коюңуз.

«Романтика» салаты

Даярдаган: Гүлшат Ысамамат кызы

 

Количество просмотров: 421