• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Декларация-2023: ЖК төрагасы бир жылда канча акча тапкан?

20 Үчтүн айы 202511:35 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу 2023-жылы 2 млн 200 миң 572 сом киреше тапса, чыгашасы 10 млн 884 миң 840 сомду түзгөн.

Декларацияда анын кыймылсыз мүлкү жок экени жазылган. Ал эми «кыймылдуу мүлк» пунктунда, 6 млн сомдук унаалар, 2,6 млн сомдук жылкы, 1,8 млн сомдук ири мүйүздүү мал, 1,5 млн сомдук майда мүйүздүү мал, 1,3 млн сомдук зер буюмдар жана 2,3 млн сомдук башка мүлктөр жазылган.

Ал эми төраганын жакын туугандары өткөн жылы 2 млн 98 миң сом киреше табышкан. Ошондой эле алардын наамында бир канча батир, унаалар, зер буюмдар жана эмеректер катталган.

Количество просмотров: 375