• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Декларациянын жыйынтыгы боюнча салык кызматы айтып берет

17 Чын куран 2018 10:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.04.2018. Govori.TV
Декларациянын жыйынтыгы октябрь айында билинет. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз борборунан Эркин Сазыков Govori.TVга билдирди.
«Кыргызстанда 60 район бар. Азыркы учурда декларация тапшыргандардын документтерине анализ жүргүзүлүп жатат. 30-июнга чейин кызматкерлер туура эмес толтурган документтерин оңдоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Баардыгы такталгандан кийин администрацияга, Жогорку Кеңешке, Президентке жөнөтүлүп андан соң жыйынтыгын билдиребиз» -дейт Сазыков.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 2-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү экенин билдиришкен.  Мындан сырткары декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Количество просмотров: 24