• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Делегат: Баткенде кыйраган үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатат

26 Жетинин айы 2022 12:33 Бишкек Govori.TV

Баткенде кыйраган үйлөр быйыл бүтчүдөй эмес. Бул тууралуу Баткен шаарынан келген делегат Кайым Айкынов курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Быйылкы жаңжалда 360тан ашык үй күйүп кетти. Ал үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Убагында кышка чейин үйлөр бүтүп, жергиликтүүлөр үйүнө кирери айтылган. Бүгүнкү күндө үйдүн ээлери, куруучулары менен байланышсам, быйыл бүтчүдөй эмес. Бүтпөйт окшойт. Буга бирөө жооп береби. Ушуну жеке көзөмөлгө албасаңыз болбойт”, — деди ал.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Количество просмотров: 107