• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дем алыш күнү Бишкекте төрт троллейбус түштөн кийин жүрөт

17 Аяк оона 2021 15:45 Бишкек Govori.TV

19-сентябрда Бишкекте өтө турган чуркоо марафонуна байланыштуу №5, 6, 10, 14 троллейбустук каттамдар да убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабында жол кыймылы эртең мененки саат 8:00дөн 13:00гө чейин жабылат. Автобустар менен маршруткалар мурунку эле график менен Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы боюнча өтөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 19-сентябрь күнү чуркоо марафону өтөт. Жарыш 3, 10 жана 21,1 чакырымга чуркоо, 3, 10 чакырымга жөө басуу боюнча болот.

Количество просмотров: 301