• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дем жетишпей! Коронавирус менен ооруган адамдын видеосу

20 Бугу 2020 17:12 Бишкек Govori.TV

Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында COVID-19 вирусун жуктуруп, дарыланып жаткан бейтап ооруганда адам кантип кыйналарын айтып берди.

Видеону коронавирус менен күрөшүү боюнча иш алып барып жаткан Республикалык штаб таратты.

Анда дарыгер жандандыруу бөлүмүндө COVID-19дан дарыланып жаткан оорулууну кепке тарткан. ИВЛ аппаратынан ажыратылганына эки күн болуптур.

«Бүгүн жакшымын. Күйүкпөй калдым. Ооруканага 11-майда түшкөм, реанимацияда беш сутка жаттым. Кислород менен дем албай калганыма эки күн болду. Коронавирус деген бар, аны тоготпой койгон туура эмес. Бул жаман оору экенин жон териң менен сезгенде, дем жетпей, жан көзгө көрүнгөндө билесиң. Тамаша эмес, жашын да, карысын да карабайт экен. Ошон үчүн айтарым, сак болгула», — деди араң дем алган бейтап.

Количество просмотров: 2457