2024-жылдын 3-сентябрь күнү борбордогу Ленин РИИБге К.Ж., аттуу жаран баласынын классташы Ж. аттуу балага чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:30 чамасында Жумушчулар шаарчасынан белгисиз курч нерсе менен баласынын денесине оор залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 2001 -жылы туулган С. Ж., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы