Кыргызстандык спортчу 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келген. Бул кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Буга чейинки рекордун ал 2023-жылдын декабрында АКШ чемпионатында койгон. Анда спортчу 59,46 секундда келген.
Апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште Петрашов 50 жана 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.