• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Денис Петрашов дүйнө чемпионатында коло байгени алды

28 Теке 202517:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Ал 100 метрге брасс сүзүү боюнча финалда 58,88 секунд натыйжа көрсөттү.

Бул медаль — Кыргыз Республикасынын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге.

Количество просмотров: 134