Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылган депутат Чыңгыз Айдарбеков чечимди адилетсиз деп эсептейт. Анын айтымында ал мындай чечим тууралуу социалдык тармактардан билген.
«Мен өмүр бою мен мамлекеттик дипломатиялык кызматта иштедим. Мен өлкө үчүн эмгектендим. Мен өткөн этаптардын баары оңой болгон жок. Бул жылдар талыкпаган эмгекти, тынымсыз эмгекти, уйкусуз түндөрдү, конкреттүү натыйжаларды талап кылды», — деди ал.
22-октябрда президент Садыр Жапаров Айдарбековду дипломатиялык рангынан ажыратуу жарлыгына кол койгон.