• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Айдарбеков Нарматованын мыйзамы боюнча пикирин айтты

13 Кулжа 2023 14:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору жарандык коом менен мамлекетке чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«Тегерек столдун күн тартибинде турган маселе өтө өзөктүү. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам менен ЖМК мыйзамы кабыл алынса жарандык коомго жана мамлекетибизге чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар. Ошол себептүү эки мыйзам долбоорунун редакциясын сиздер менен биргеликте ийне — жибине чейин иликтеп, тийиштүү органдарга чейин жеткиребиз»,-деди Айдарбеков.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте «Кыргызстандагы сөз эркиндиги жанагы адам укуктары: Мыйзам демилгелеринин коркунучтары» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана медиа эксперттер катышууда.

Количество просмотров: 164