• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Айжигитов экономиканын эртеңи тууралуу айтты

9 Жалган куран 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов экономиканын эртеңи тууралуу айтып, мигранттар которгон каражаттын көлөмү кыскара турганын билдирди.

Муну ал Орусиядагы экономикалык кризиске жана рубль курсунун түшүп кеткенине байланыштырууда.

«Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал бизге терс жагынан таасир берет. Батыш өлкөлөрү санкция киргизгенине байланыштуу Орусиянын экономикасы төмөндөп жатат. Аталган өлкөдө миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз бар. Алардын Кыргызстанга которгон каражаттары 2 миллиарддан кем эмес. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча которуулар 33 пайызга төмөндөйт. Демек, биздин элдин реалдуу кирешеси дагы азаят. Бул жагдайда Министрлер кабинети тез арада антикризистик чараларды көрүшү зарыл»,-деди ал.

Соңку күндөрү рублдин куну түшүп, бир доллар 98 сом 50 тыйындан сатылууда.

Количество просмотров: 78