Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) анын мандатын алуу боюнча 28-мартта чыгарган чечими тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берди.
Ал Боршайкомдун чечими мыйзамсыз болгонун, соттуулугу жок деген Ички иштер министрлигинен тастыктама (справка) алып келгенине карабай мандатынан ажыратылганын билдирип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы кайрылганын жазганын кошумчалады.
“Мен Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жаздым. Анын кылган иштери Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесине – бийликтен аша чабуу, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу, адам укугун бузуу жана Конституцияны басмырлоого туура келип атат. Азыр эми кандай болот көрөбүз”, — деди ал.
28-мартта Боршайкумдун жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айтты.