Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган билдирүүсүнө жооп берди.
Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, кайрылууда айтылган сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү ыйгарым укугу Борбордук шайлоо комиссиясынын функционалдык милдеттерине кирбейт.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 1-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгендей иерархиясы боюнча конституциялык мыйзам, кодекстен жогору турат. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишмердүүлүгүн биринчи кезекте шайлоо маселелери жөнүндө мыйзамдарга таянып алып барат. Борбордук шайлоо комиссиясы, Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу депутаттык мандаты боюнча билдирүүсүн негизсиз экендигин, ошону менен катар мыйзамдарды бурмалоо менен коомчулукту адаштыруу жана чагымчыл аракеттерге барбоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Султанбай Айжигитов аны мандаттан ажыратуу тууралуу БШКнын чечимине байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн 8-апрелде Боршайкомго арыз берген. Ага жооп болбогондуктан 14-апрелде дагы бир арыз калтырган. БШК ага ошол эле күнү жооп берип, Боршайкомдун аны мандаттан ажыраткан чечимине каршы сотко кайрылса болорун билдирген. Султанбай Айжигитов сотко берерден мурун Административдик процессуалдык кодекс боюнча сотко чейинки териштирүү болушу керектигин айтып жатат.