• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ооруканадагы Айжигитов менен аялы көк ала тактарын көрсөтүштү (сүрөт)

1 Бугу 202510:11 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда ооруканада жаткан Султанбай Айжигитовдун сүрөттөрү жарыяланды. Ошондой эле анда анын аялынын да сүрөттөрү жарыяланган. Алар көк ала болгон тактарын көрсөтүшкөн.

Экс-депутат Султанбай Айжигитовдун абалы 30-апрелде сот процесси өтүп атканда начарлап, ооруканага түшкөнү маалым болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбай Айжигитов менен аялы Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети Султанбай Айжигитов менен аялы Гүлзат Жолдошовага кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеме тараткан маалыматка караганда, Айжигитов депутат болуп турганда жубайын парламентке «мыйзамсыз кызматка» орноштурган.

Депутат Айжигитовду буга чейин Боршайком мандатынан ажыраткан.

Количество просмотров: 2387