• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат антибиотиктер дарыгердин рецептисиз сатылып жатканына тынчсыздануусун билдирди

13 Бугу 202413:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы дарыканаларда антибиотиктер дарыгердин рецептисиз сатылып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

«Алар дарыгердин рецепти менен гана сатылат, бирок бизде дарыканага барсаңыз, рецептсиз эле сатышат. Балким талаптарды күчөтүшүбүз керекпи?» — деп кайрылды депутат Саламаттыкты сактоо министрине.

Айдарбеков кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги антибиотиктер дарыгердин рецепти менен гана сатылуусу үчүн бардык дарыканаларга катуу талаптарды коюшу керек.

Алымкадыр Бейшеналиев антибиотиктерди анализдөөчү лабораториялар Бишкек менен Ошто ачылып жатканын айтты.

Количество просмотров: 99