Депутат Ашимова БУУнун трибунасында мектептерде жоолукчан кыздарга кысым көрсөтпөө зарылчылыгы жөнүндө кеп козгоду
Депутат Ашимова БУУнун трибунасында мектептерде жоолукчан кыздарга кысым көрсөтпөө зарылчылыгы жөнүндө кеп козгоду
9 Жалган куран 2023 13:44 Бишкек Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Бириккен улуттар уюмунун трибунасында мусулман аялдары тууралуу кеп козгоду. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди. Депутат БУУнун трибунасында төмөнкү маселелер боюнча кеп козгогон.
Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги бар экендиги жөнүндө;
Жоолукчан айымдарга карата жасалган дискриминацияларды жоюу жолдору жана айымдарды IT, илим, технология жаатына алып келүү жолдору жөнүндө;
Мектептерде жана расмий мекемелерде жоолукчан айымдар жана кыздарга кысым көрсөтпөө зарылчылыгы жөнүндө;
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы кескин чаралар колдонуу.