Бүгүн, 21-сентябрда парламент жыйынында депутат Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөп жаткан сөзүн токтотту.
Эл өкүлүнүн консультанты айрым ЖМКларга төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Абалы начарлаганына байланыштуу сүйлөп жаткан сөзүн аягына чыгара албай калды. Жыйындан кийин үйүнө кетти»,-деген Гүлбарчын Медетбекова.