Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды.
«Сентябрда «чу» дегенде эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмаштырылды. Эмне себептен Кыргызстандагы китептердин жоктугуна Каныбек Иманалиев жооп берип, Эдил Байсалов жооп бербеши керек? Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө Эдил Байсалов жооп бербеши керекпи? Парламентке келип ороңдоп, чоң сүйлөп койсо эле кыйын болуп кетиши керекпи? Биз андай «хандардын» көбүн көргөнбүз. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органынын ортосуна чок салган Байсалов кызмат ордунда турганга моралдык акысы жок»,-деди Атазов.
Ошондой эле депутат чечим кабыл алуу үчүн ЖКда депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.