• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Атазов «Раим-миллиондун» таламын талашып кесиптешине каршы сүйлөдү

14 Аяк оона 2022 15:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Кыргызстанды Сооронбай Жээнбековдун ордуна Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимов башкарып келгенин айтты. Ал өз сөзүндө башка да мурдагы президенттерге сын пикирин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, алар бийликте турганда бийлик тизгинин жакындарынын колунда болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кесиптешинин сөзүнө комментарий берип, калыстык кылууну өтүндү.

«Сооронбай Жээнбековдун ордуна Асылбек Жээнбеков менен Раим-миллион башкарды дедиңиз. Асылбек Жээнбеков келгенде Раим-миллион кызматтан кеткен. Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, полковник болгон. Ал мамлекетти башкардыбы же мамлекеттин башкаруусуна жардам бергенби? Ал кишини ушул эки дөө урушса ортодо чымын өлөт болуп, Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып кара пиар кылышты. Раим-миллион башкарбай эле балким жакшыраак текшерин көрүңүзчү, мүмкүн ал мамлекеттин экономикасын жардам берген?», — деди депутат.

Депутат Райымбек Матраимов кызматтан алынгандан кийин Дордой жана Кара-Суу базарларында соода солгундап кеткенин белгиледи.

Количество просмотров: 196