Жогорку Кеңештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков товарларынын баасын негизсиз көтөргөн ишкерлерге кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
«Совет доорунда спекуляция үчүн кылмыш беренеси бар болчу. Аны кайра алып келүүгө убакыт келди окшойт. Азыр экономикалык каатчылык келе жаткандыктан, айрым ишкерлер эч себепсиз эле товарлардын баасын көтөрүп жатышат. Алар жөн гана арзан сатып алып, кымбат саткысы келет. Муну жазалаш керек. Келемиштерге окшоп эле баарын үйүп алып жатышат. Бул жакшы ниет эмес, адамдардын кайгысынан акча кылган адам жарытпайт. Чынында эле кызыл кулактар эле сатып алып койду», — деди ал.
Депутат Айыл чарба министрлигинин азыркы аракеттери мындан дагы да жакшыраак иштесе болот беле? деген ойго түртүп жатканын кошумчалады.