• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат Бакировдун мандаты боюнча арыз жазган Равшанбек Рысбаев ким?

15 Бештин айы 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун Көк-Жар айылдык округу боюнча шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.

«Бишкек шаардык административдик соту шайлоодогу менин атаандашым Равшан Рысбаевдин арызын канааттандырып коюптур, шайлоодон бир жыл өткөндөн кийин. Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күндүн ичинде каралышы керек. Үч күндөн ашпаш керек. Ушул норманы, мыйзамдарды одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Бир жылдан кийин Бишкек шаардык административдик соту шайлоо маалындагы талаштарды кароого жол ачып берип жатат», — деди ал.

Оштогу №4 Көк-Жар шайлоо округунда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Өмүрбек Бакиров 32.42% добуш алган. Бул округдан дагы бир талапкер,  Равшанбек Рысбаев да катышкан жана ал дээрлик 30%га жакын (29.66% ) добуш топтогон.

Арыз берген Равшанбек Рысбаев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Равшанбек Рысбаев 2014-жылы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.

2015-жылы Рысбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышы үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышканына байланыштуу кызматын тапшырган. Ал ошол кездеги «КСДП» партиясы менен шайлоого катышкан.

2021-жылдын апрель айында Равшанбек Рысбаев мыйзамсыз баюуга шектелип, мандатын тапшырган Марат Аманкуловдун ордуна депутат болуп келген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Равшанбек Рысбаев «Алтын-Темир» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

OsOO.kg сайтында көрсөтүлгөндөй, Рысбаев Ош шаарында жайгашкан кыргыз-кытай «Борбаш-Цзин» ЖЧКсынын тең түзүүчүсү жана жетекчиси. Бул ишкана «кеңири ассортименттеги товарларды сатуу боюнча агенттердин ишмердиги» боюнча иш жүргүзөт.

Ошондой эле, Рысбаев Ош шаарында катталган жана көмүр казуу багытында иш жүргүзгөн Корпорация «Алтын-көмүр» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Кадамжай районунда «Алга-МТЦ» ЖЧКсы да бар, ал «Адистештирилбеген дүң соода» багытында иштейт. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Рысбаев бул фирманын дагы негиздөөчүлөрүнүн бири.

Ошондой эле, Равшанбек Рысбаев Ош шаарындагы «Легион-ОДА» ЖЧКсынын негиздөөчүсү.

Ошол эле дарек боюнча, «Береке-Базары» ЖЧК ишканасы катталган, Рысбаев анын да түзүүчүсү. Бул фирма «кеңири ассортименттеги товарларды сатуу боюнча агенттердин ишмердиги» багытында иш жүргүзөт.

2019-жылдын 2-августунда кайгуул кызматынын рейди учурунда Рысбаев терезелери караңгылатылган автоунаанын документтерин көрсөтпөй койгон.

Количество просмотров: 1943