Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун Кыргыз-Орус Славян университетиндеги тайпалаштары кимдер экенине кызыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Орозайымдын окуясынан улам таң калычтуу жаңылыкты билдим. Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган экен. Бул жылы мен дагы окууну аяктагам. Биз университетте бир жолу дагы жолуккан эмеспиз. Анын тайпалаштары кимдер?» — деп жазган ал.
Благодаря случаю с Орозайым я узнал удивительную новость: оказывается, Садыр Жапаров окончил юрфак КРСУ в 2006 году, когда я оканчивал этот вуз и факультет. Мы ни разу не встречались в универе… Кто его одногрупники? Отзовитесь.
— Дастан Бекешев (@bekeshev) January 20, 2022
Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.