• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат Бекешов бачабаздарды химиялык кастрация кылуу жазасын сунуштады

15 Чын куран 202110:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык кастрациядан өткөрүүгө уруксат берген мыйзамды киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Казакстанда химиялык кастрацияга уруксат берилген. Кыргызстанда Жоргорку Кеңештин V чакырылышы колдоп, бирок президенттен колдоо тапкан эмес.

«9-апрелде Кара-Суу районун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы бала зордуктаган учур катталды. Мен президентке ушул мыйзамды киргизүүнү сунуштайт элем» , — деди Бекешов.

Количество просмотров: 68