• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Депутат Бекешев милиционерлер шектүүнүн үйүнө куралды атайы таштап коюшканын айтып чыкты (видео)

15 Жалган куран 2023 14:33 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Бишкекте күжүрмөн ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалганы кабарланган. Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери өзүндө ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат алышкан.

Маалыматты тыкыр иштеп чыгуунун натыйжасында мурда соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусунун изине түшүшкөн.

«1-мартында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Биринчи май РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери мурда каракчылык үчүн соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусу 1991-жылы туулган М.И. кармашкан. Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана 44 огу табылган», — деп кабарлаган ИИМ.

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты фейсбуктагы баракчасы аракылуу маалымат таратып, үйдүн көзөмөл камерасына тартылган видео менен бөлүштү.

Анын айтымында шектүүнүн үйүнөн табылды деген куралды милиция кызматкерлери өздөрү ала келишкен. Бекешев видеону ага шектүүнүн жакындары жибергенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 115