Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда чек арада текшерүүлөр болбош керек.
«Биздин коомдо Кыргызстанга пайдасы жок ЕАЭБ биримдиги керекби? деген кептер айтылып жатат. Мен да ага толук кошулам. Евразиялык экономикалык биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда тоскоолдуктар болбош керек»,-деди депутат Алмазбек Акматов.