Доллардын курсу көтөрүлдү деп дарыканалар дарылардын баасын жогорулатып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайыпкулов бүгүнкү жыйында билдирди.
«Бүгүнкү күндө доллардын курсу жогорулады деп дарылардын баасын аябай кымбаттатып жатышат. Мисалы, мурда 80 сом турган Гепарин 230 сомго чыгып жатат. Бул деген үч эсе кымбат. Ошондой эле жүрөк ооруларынын дарыларынын да баасы өскөн», — деди Гайыпкулов.
Ошондой эле ал өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бааны жөнгө салуу боюнча Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине, ошондой эле Монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берүүнү сунуштады.