Жогорку Кеңешке Өмүрбек Текебаевдин ордуна барган депутат Искендер Гаипкулов бүгүн Текебаевдин туулган күнүн утурлай анын туулуп өскөн Акман айылына барып,апасы Тилла эне менен жолукту.
Жаңы мандат алган депутат Тилла эненин абакта жаткан баласынын туулган күнү менен жалпы “Ата Мекен” партиясынын атынан куттуктап,апасынын ак батасын алып кайтты.
Мында эл өкүлү жолугушууда Текебаевдин апасы кайраттуу экенин байкап,ушундай эр жүрөк, чынчыл, сынбас уулду тарбиялаган энеге ыраазычылыгын билдирди.