Жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, банк эсебиндеги акчасын алып койгон учурлар көбөйдү. Мындай алдамчылар элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкен. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 17-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда бул сумманын ичинен 447 млн сому кайтарылып берилген.
Нурбек Абдиев жарандарды телефон шылуундарынан коргоо үчүн ИИМ тарабынан атайын роликтер, маалыматтар жана билдирүүлөр даярдалып, таратылып жатканын кошумчалады.
Депутат Кундузбек Сулайманов банктык тиркемелер аркылуу онлайн кредит берүүнү токтотууну айтты. Анын айтымында, жарандар өзүлөрү банкка келип насыя алган учурда гана шылуундарга алданып калуу фактылары азаймак.